2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.К.Самат Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - Татарстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Р.К.Ахметшин менен жолугушту.

2250

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар ушул жылдын 24-февралында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров менен Татарстан Республикасынын Президенти Р.Н.Миннихановдун ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда К.Самат айым Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Татарстан Республикасы менен кызматташтыкты масштабдуу кеңейтүү боюнча ниетин белгиледи.

Өз кезегинде, Р.К.Ахметшин Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын тереңдетүү жана аныктоо максатында Татарстан Республикасынын Президенти Р.Н.Миннихановдун тапшырмасы боюнча Татарстан Республикасынын Вице-премьер-министри, Өнөр жай жана соода министри А.Н.Каримов башында турган жумушчу топ түзүлгөндүгүн айтты.

Мындан тышкары, Р.К.Ахметшин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Самат айымды Татарстанга иш-сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK