2021-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Илим, билим берүү жана маданият боюнча Федерация Кеңешинин комитетинин төрагасы Гумерова Лилия Салаватовна менен жолугушту.

2012

Маектештер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун биринчи чет өлкөгө иш-сапарынын жана Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путин менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, гуманитардык жаатта кызматташууну арттыруунун маанилүүлүгү жөнүндө маселелерди талкуулады.

Элчи Г-К. Самат «Биринчи кесип» шарттуу аталышындагы орто-атайын кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын комплекстүү программасын иштеп чыгууну демилгеледи.

Россия Федерациясында эмгектенгендердин балдарын Россиянын колледждеринде жана мектептеринде окутуу өтүнүчү менен кайрылды.

Кыргыз тарабынын сунушу россия тарабынын кызыгуусун жаратты. Билим берүү жана миграция тармагындагы адистерди тартуу менен «тегерек стол» өткөрүү, РФнын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин «өкмөттүк саатында» демилгени талкуулоо мерчемделди.

Россиянын ЖОЖдорунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын – студенттеринин билим алуусу үчүн квоталарды көбөйтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүккө жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK