2021-жылдын 05-мартында КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат «Глобал» соода түйүнүндө эскалатордон кулап түшкөн КРнын жараны Н.Анын абалын билүү үчүн Саламаттыкты сактоо департаментинин Илимий-изилдөө институтунун тезинен жардам көрсөтүү балдар хирургиясы жана травмотология бөлүмүнүн бөлүм башчысы О.С.Исхаков менен жолугушту.

2121

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Г-К. Самат баланын абалы тууралуу маалымат менен таанышып, бөлүмдүн башчысы О.С.Исхаковдон алардын тезинен калыбына келүүсү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүсүн өтүндү.

Элчи,  ошондой эле жабыркаган баланын жакын туугандары менен жолугушуп, Элчилик тарабынан мүмкүн болгон бардык юридикалык жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

2021-жылдын 03-мартында, 2017-жылы төрөлгөн КРнын жараны жашы жете элек Н.А. «Глобал» соода түйүнүндө экинчи этаждын деңгээлиндеги эскалатордон кулап түшүп, тез жардам аркылуу Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин Илимий-изилдөө институтунун тезинен жардам көрсөтүү балдар хирургиясы жана травмотология бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда аталган үй – бүлөгө КРнын РФдагы Элчилиги тарабынан бардык мүмкүн болгон юридикалык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатат.

Ошондой эле бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK