КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңешчиси А.Букалаев сулуулук жана мода чөйрөсүндөгү өкүлдөр жыйналган Табарман сулуулар форумуна, ошондой эле «Кыргызстандын Россиядагы чүрөгү» биринчи жалпы россиялык сулуулар конкурсуна катышты.

2720

         Эл аралык аялзат күнүнүн алдында Элчиликтин өкүлү айымдарды майрамы менен куттуктап, кыргыз аялдарына мүнөздүү акылмандыкка, күч-кубатка жана эмгекчилдикке, үйдө ыңгайлуулукту, тартипти жана ынтымакты жаратуу жөндөмүнө ыраазычылыгын билдирди.

         Ал Кыргызстанстандын айымдарынын адамзаттын жашоосунун бардык чөйрөлөрүндөгү ордун жана маанилүүлүгүн, алардын туруктуулукту сактоого жана өлкөбүздүн суверендүүлүгүн чыңдоого кошкон баа жеткис салымын белгилеп, мекендештерге бакыт-таалай жана бизнести ийгиликтүү өнүктүрүүнү каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK