2021-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г - К. Самат Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин (ЖӨК) Төрагасы, Катчылыктын Башчысы Б.Каримовду кабыл алды.

2029

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу маселелери, анын ичинде жол тармагына жаңы технологияларды киргизүү жана колдонуу жаатында маселелер талкууланды.

Ошондой эле ушул жылдын май айына пландаштырылган КМШ мамлекеттеринин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин демилгеси менен өткөрүлө турган эл аралык автожарыш боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан сырткары, КМШ мамлекеттеринин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органы менен жолугушуу жана иш-чараларды өткөрүү боюнча Бишкекке боло турган иш - сапарынын пландары жөнүндө маалымдады.

Жалпы кызыкчылык жараткан тыгыз эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыгуу билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK