2021-жылдын 11-мартында Россия Федерациясынын жергиликтүү убакыты боюнча саат 09.20да, Сургут шаарына жакын жерде Ханты-Мансийск автономиялык округу-Юграда "Ден-соолук" дача кооперативинде өрт чыккан

2124

2021-жылдын 11-мартында Россия Федерациясынын жергиликтүү убакыты боюнча саат 09.20да, Сургут шаарына жакын жерде  дача кооперативинде өрт чыккан.

Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандары 10.06.2012 – жылы туулган А.А.,. жана  02.08.2015 – жылы туулган А.М., каза болгон.

Окуя болгон жерде Россиянын Тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү иштеп жатат, ошондой эле бул окуя  боюнча кылмыш иши козголду.

Бул жашы жете элек балдар апасы жана чоң апасы менен жашашкан. Окуя болгон учурда үйдөгү балдар чоңдордун көзөмөлүсүз жалгыз калышкан.

Эртең менен апасы жумушка кеткен. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси Сургут шаарындагы клинингалык компаниялардын биринде иштейт. Такталбаган маалымат боюнча, операциядан кийин балдардын чоң апасы ооруканада жаткан.

Учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу боюнча кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери менен координациялык иштерди жүргүзүп жатат.

Бул маселе Элчиликтин Сургуттагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK