Ушул жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва Өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Черемин менен жолугушту.

2225

Ушул жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва Өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Черемин менен жолугушту.

         Жолугушууда Москва Өкмөтү менен учурдагы өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде тиешелүү кызматташтык Программаларын ишке ашыруу маселелери, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларга кыргызстандык мекендештерди тартуу боюнча пландаштырылган биргелешкен долбоорлор, ошондой эле Москва Өкмөтүнүн мигранттын социалдык картасын түзүү деп аталган пилоттук долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар өз жыйынын өткөрүү үчүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Москва өкмөттөр аралык комиссиясынын жаңы курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Жолугушууда, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон кийин андан ары кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Мэриясы менен Россия Федерациясынын Москва шаарынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2021-2023-жылдарга карата кызматташтыктын жаңы Программасынын долбоорун жайылтуу маселелерин иштеп чыгуу белгиленди.

2021-жылдын 24-25-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-россия кызматташтыгын активдештирүү жөнүндө жетишилген келишимдерге ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарындагы Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборун түзүү жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле кыргыз тарабынын «Москвадагы Кыргыз илим жана маданият үйүн” түзүү үчүн имарат / жай менен камсыз кылуу» маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK