2021-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу Э.Насиров Москва метросунун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калган кыргызстандык Алмазбек уулу Сыймык менен жолугушту.

2187

Буга чейин маалымдалгандай, 2021-жылдын 10 - мартында саат 17.30-18.00 чамасында Москва метросунун «Крестянская Застава» метросунда белгисиз адам электр поездинин акыркы вагонунан чыгып, рельске кулап, эсин жоготкон.

Метронун кезектеги поездинин келишине бир мүнөт калганына карабастан, 21 жаштагы Сыймык башка жаран менен кошо рельске секирип, кулап түшкөн адамды метронун станциясынын платформасына көтөрүп үлгүргөн.

Сыймыктын айтымында, ал рельстен ылдый түшүү жөнүндө эч кандай ою болгон эмес, бирок ал жакка кантип жеткенин өзү деле түшүнгөн эмес, демек кыргыз жаранынын боорукер жүрөгү бул окуяга кайдыгер кароого мүмкүндүк берген эмес.

Э.Насиров Сыймыктын тайбастыгы жана оор кырдаалда көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү үчүн Элчиликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK