Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 буйругу менен жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейин аяктай турган Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы паспортунун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдагы жалпы жарандык паспортунун (16 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кошпогондо) мөөнөтү, убактылуу 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылат.

4131

Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө паспортторунун жарактуулук мөөнөтү аяктаган жарандар жалпы жарандык паспортторго белгилерди коюу же аларды узартуу боюнча ID-card күбөлүктөрүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы төмөнкү мекемелерине кайрыла алышат:

  1. Кыргыз Республикасынын Москвадагы Элчилиги: Большая Ордынка көчөсү, 64 (метро станциялары Добрынинская, Полянка, Третьяковская);
  2. Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу: Cорса көч. 54а, кеңсе 5;
  1. КРнын Новосибирсктеги Башкы консулдугу:  Крылов көчөсү 64/1;
  2. Элчиликтин Владивостоктогу канцеляриясы: Алеутская көчөсү, 15 «В» кеңсе 402;
  3. Элчиликтин  Иркутсктагы канцеляриясы: Декабрьских Событий 107А;
  4. Канцелярия (отделение) Посольства в Красноярске: проспект Мира, 132;
  5. Элчиликтин Санкт-Петербургдагы Канцеляриясы: Чехов көчөсү, д. 14б  үй. А пом. 2Н;
  6.  Элчиликтин Сургуттагы Канцеляриясы: Югорский тракт, д. 1;
  7. Элчиликтин  Южно-Сахалинсктеги Канцеляриясы: проспект Мира, .2б/5 үй (2-й этаж);
  8. Элчиликтин Якутскдагы Канцеляриясы: проспект Ленина 58.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын паспортторун каттоо үчүн документтерди тапшыруу бир эле режимде жазылуу жолу менен жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK