2021-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Президентинин Эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.

Маектешкен тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин ортосундагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы “Кайчылаш жылынын” алкагында пландаштырылган 200гө жакын иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди жүзөгө ашырууну талкуулашты. Ошондой эле Россиянын алдыңкы жамааттарынын республиканын аймактарына концерттик турларын уюштуруу маселеси талкууланды.
"Кайчылаш жылынын" жабылыш аземи Россиянын чыгармачыл жамааттарынын, көркөм өнөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катышуусунда 2021-жылдын күз айларына пландаштырылган.
Элчи Г.К. Самат “Кайчылаш жылынын” жабылышынын жыйынтыктоочу концерттик программасына көрүнүктүү советтик композитор Д.Шостаковичтин Кыргызстанга арналган «Кыргыз жана орус темаларындагы увертюралар» чыгармасын киргизүүнү суранды.
Маалымат үчүн: «Увертюралар» алгачкы жолу Москвада СССРдин Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин аткаруусунда 1963-жылдын 10-октябрында москва композиторлорунун чыгармачылыгын ачылышында ойнолгон, дирижер К.К.Иванов (Москва консерваториясынын чоң залы).