2021-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Социалдык - маданий демилгелер фондунун Башкы директору Д.Соловьев менен жолугушуусу болду.

2060

2021-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Социалдык - маданий демилгелер фондунун Башкы директору Д.Соловьев менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз тарабы, аталган Фонддун «Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү» бүткүл россия майрамына, «Ак роза» долбооруна, «Нурлуу периште» эл аралык кайрымдуулук кинофестивалына, «Орус балети» жаш аткаруучулардын бүткүл россиялык конкурсуна тиешелүү негизги долбоорлору менен таанышты.

Россия тарабы, Президенти Светлана Владимировна Медведева болуп эсептелген Социалдык - маданий демилгелер фонду, руханий-адеп-ахлактык кайра жаралууга, россия коомунун улуттук салттуулугун сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Россияда гурманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган социалдык жана маданий чөйрөдөгү жигердүү ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

Гульнара-Клара Самат байланыштарды активдештирүүнүн, ошондой эле өлкөлөр ортосунда регионалдык жана маданий аралык байланыштарды бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикирин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK