2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Г.К.Саматтын Роскызматташтыктын Жетекчиси Э.Примаков менен жолугушуусу болуп өттү.

2111

2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Г.К.Саматтын Роскызматташтыктын Жетекчиси Э.Примаков менен жолугушуусу болуп өттү.

Маектешүүчүлөр Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык жана социалдык долбоорлор боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жаштардын жана эксперттик чөйрөлөрдүн катышуусунда интеллектуалдык жана дискуссиялык аянтча түзүү демилгесин көтөрдү. Россия тарабы Кыргызстандык жаштарды кыргыз жана орус жазуучуларынын улуу чыгармалары менен тааныштыруу максатында Кыргызстанда мобилдүү китепкана уюштуруу боюнча Элчиликтин сунушуна кызыгуусун артты. Роскызматташтык китеп фондун камсыздоо жана көчмө китепкананы жабдуу маселесин кароого даяр. Кыргызстандын алыскы калктуу конуштарында билим берүүчү кинотасмаларды көрсөтүү үчүн көчмө кинотеатрдын иштеши жөнүндө маселе изилденет. Роскызматташтык, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы кесиптик-техникалык училищеде кыргызстандыктар үчүн IT технологиялар жаатында окутуу курстарын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн дагы карап чыгат.

Элчи 2020-жылы Кыргызстанда COVID-19 эпидемиясы күчөп турган мезгилде кыргызстандык медик-ыктыярчылар жасаган жигердүү иштер жөнүндө айтып берди жана Кыргызстан менен Россиянын медик- ыктыярчыларынын ортосунда кызматташтык түзүүнү сунуш кылды.

Мегаполисттердеги экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба алмашууну уюштурууга кыргыз тарабы кызыкдар экендиги айтылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK