2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кыргыз Республикасынын «Конституциясы жөнүндө» Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдумдуна катышуу үчүн, ошондой эле Саха (Якутия) Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсесинин алдында №9006 Пояркова 4 (ДК им. А.Кулаковского) дареги боюнча шайлоо участкасы ачылды.

2008

Ошондой эле, күндө Якутияда жашаган жарандарынa референдумга катышуу боюнча маалымат-түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматы бар жана консулдук каттоодо турган 967 Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын тизмесине кирди. Аталган жарандар 2021-жлдын 11-апрелинде (жекшемби) эртең мененки 08:00-20:00 го чейин Пояркова 4 (ДК им. А.Кулаковского) дареги боюнча келип добуш берсе болот.

Жарандарды максималдуу түрдө маалымдоо максатында, УШК №9006 мүчөлөрү телефон чалуу менен ар бир шайлоочуну референдумага катышууга чакырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK