Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдар менен биргелешип кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана “Ак Калпак” Күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү

4222

2019-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдар менен биргелешип кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана “Ак Калпак” Күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чара Москва шаарынын Өкмөт Үйүнүн Чоң залында өтүп, 1000ден ашуун мекендештерди, Кыргызстандын россиялык досторун, Москва шаарындагы башка диаспоралык коомдук уюмдардын өкүлдөрүн чогулта алды.

Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун куттуктоо сөзү менен ачылды. Өз сөзүндө Элчи Ак калпак майрамынын тарыхын жана Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн улуттук баш кийимдин маанисин белгилеп, мекендештерге Ак калпакты даңазалоо менен анын руханий баалуулугун чет өлкөдө ыйык сактап келе жаткандыктары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын катышуучуларынын, Россия аймагында эмгектенип жатышкан жалпы мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Куттуктоо кайрылуусун жөнөткөн. Өз Кайрылуусунда мамлекет башчысы Ак калпак кыргыз элинин башкы философиялык символу экендигин жана элдин маданий мурасы болгон улуттук баш кийимди сыйлоо менен, “Ак калпак” Күнүн белгилөө элди биримдикке, ынтымакка чакыруу олуттуу мааниге ээ экендигин белгилеген.

А.Джекшенкулов иш-чаранын катышуучуларына достук, стратегиялык өнөктөш жана союздаш принциптерине негизделген кыргыз – россиялык эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин, ошондой эле Кыргыз Ресубликасынын Президенти С.Жээнбековдун жана КРнын Өкмөтүнүн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктук абалдарын жакшыртуу боюнча аракеттерин өзгөчө белгилеп кетти. Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргыз Республикасына жакында боло турган  сапары эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу аракеттердин мындан дагы күчөтүлүшүнө көмөкчү болоруна ишеним билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Евразия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчысы А.Бельянинов, Россия элдеринин Ассамблея Кеңешинин Төрайымы С.Смирнова, Россия мигранттар Федерациясынын Президенти В.Коженов, ошондой эле Москва, Казань жана Ярославль шаарларындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Салтанаттын расмий бөлүгүнүн кийин катышуучуларга майрамдык чоң концерт тартууланды, атайын Кыргызстандын чакырылган белгилүү искусство чеберлери - манасчы, төкмө акын жана ырчылар Т.Асаналиев, К.Дуйшеева, А.Мусабеков, А.Саралаев, М.Баеков, Ж.Калчаева, Э.Осконбаева, И.Айтбаев Н.Талантбеков, А.Биймырза уулу жана Москвадагы мекендештердин арасынан чыккан өнөрпоздор, Москва Лингвистикалык университетте билим алып, кыргыз тилин үйрөнүп жатышкан студенттер  өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгы катары Россия жергесинде эмгектенип жатышкан мекендештердин атынан Ак калпакты кыргыз элинин маданий, руханий мурас катары сактап, чет өлкөдө сыймыктуу алып жүрүү менен, жалпы мекендештерди ынтымакка, биримдикке, ошондой эле кыргыз-орус достугун, союздаш мамилесин чыңдоого салым кошууга чакырган Кайрылуу жарыяланды.

Салтанат шаңдуу майрамдык маанайда өтүп, Москва шаарынын Өкмөт Үйүнүн Чоң залынын фойесинде кыргыз күүлөрү, обондору жаңырып, Боз үй тигилип, кыргыз улуттук буюмдардын көргөзмөсү жана кыргыз жергесинин  кооздугун чагылдырган фото көргөзмо уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK