Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Словения Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Кыргыз Республикасында айкалыштырып иштеген Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Раковец мырзаны кабыл алды

3853

2019-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Словения Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Кыргыз Республикасында айкалыштырып иштөө менен (резиденциясы Москва шаарында жайгашкан) Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Раковец мырзаны анын өтүнүчү боюнча кабыл алды.

Эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары кыргыз-словения мамилелерин өнүктүрүү, аларды мазмундук жагынан толуктоо  боюнча маселелер ди үстүбүздөгү жылдын 10-12 мартында Словениянын Элчиси Б.Раковецтин Бишкекке боло турган сапарын эске алуу менен талкуулап, маектешти.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин артыкчылыктуу тармактары катары экономикалык чөйрө, биринчи кезекте кичи жана орто ишкерлик, кайра иштетип чыгаруу өндүрүшү, ошондой эле туризм тармагы каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK