2021-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлү КМШга мүчө-мамлекеттердин 39 жогорку окуу жайын камтыган КМШ Тармактык Университетинин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин курамы, регламенти, билим берүү уюмдарынын КМШнын Тармактык университетине кошулуу критерийлери жана шарттары бекитилди. Россиянын элдер достугу университети КМШ Тармактык Университетинин башкы уюму деп аныкталды.
Долбоордун негизги максаты - жогорку билим берүүнүн сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу, КМШга мүчө-мамлекеттердин аймагында жогорку билим берүү жаатында кызматташтыкты жана университеттер аралык байланышты чыңдоо болун саналат.