2021-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г-К.Саматтын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Г.Б.Карасин менен жолугушуусу болду.

1744

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүү, Россиянын вакциналарын Кыргыз Республикасына жеткирүү, кыргыз жарандарын Россиянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн бюджеттик орундарды көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында иштеп жаткан жарандарынын миграция маселелерин жана укуктарын талкуулашты.

Г.Карасин Кыргызстанда орус тилинин статусунун ырааттуу сакталышы үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK