2021-жылдын 13-июлунда КРнын РФдагы Элчилигинин өкүлдөрү Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында өтүп жаткан V «Россия дүйнөсү» Россия жана Евразия элдеринин фестивалынын ишине катышты.

1725

2021-жылдын 13-июлунда КРнын РФдагы Элчилигинин өкүлдөрү Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында өтүп жаткан V «Россия дүйнөсү» Россия жана Евразия элдеринин  фестивалынын ишине катышты.

Фестиваль князь Александр Невскийдин туулган күнүнүн 800 жылдыгына арналган расмий программанын бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чараны Бүткүл россиялык «Россия дүйнөсү» коомдук кыймылы Ыйык Сергиустун Ыйык Троица Лаврасы, Москва облусунун Дене тарбия жана спорт министрлиги жана Россиянын Аскер Тарых Коому менен биргеликте өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 45 тематикалык аянттарда этностук спорттун түрлөрү, мастер-класстар, фольклордук топтордун катышуусунда концерттик программа, көргөзмөлөр, жарманкелер, оюндар жана башка көптөгөн нерселер сунушталды.

Ошондой эле, ушул фестивалдын алкагында атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү.

Турнирге Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын командалар, ал эми Кыргызстандан «Атуул»  командасы катышты.

Оюнду  Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.

Көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү катары төмөнкү командалар аныкталды: Москва – 1 - орун, Иркутск – 2 - орун, Подольск – 3 - орун.
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK