2021-жылдын 20-июнунда Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү «Ыр кесе» чыгармачыл сынагына катышты.
2021-жылдын 20-июнунда Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү «Ыр кесе» чыгармачыл сынагына катышты.
Бул маданий иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын кыргыз маданий борборунун жетекчиси Гүлшайыр Мырзабекованын демилгеси менен кыргыздын салттуу музыкасын башка диаспоралык уюмдардын арасында өнүктүрүү жана жайылтуу максатында уюштурулган.
Сынактын катышуучулары кыргыз элинин каада-салттарын, элдик ырларды жана бийлерди, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда номерлерди тартуулашты.
Белгилей кетсек, «Ыр кесе» сынагына Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген чыгармачыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, 2019-жылдан бери катышып келишет.
Элчилик Россия Федерациясындагы кыргыздардын маданий-гуманитардык мурасын жайылтуу жана Россия Федерациясындагы мекендештерибиздин башын бириктирүү максатында, диаспоралык уюмдар тарабынан маданий иш-чаралардын өткөрүлүшүнө чоң маани берет.