2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Элчилигине Кыргыз Республикасынын жараны А.К. эки күндөн бери документтери жоголгонуна жана Кыргыз Республикасына учуп кетүү мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгына байланыштуу «Шереметьево» эл аралык аэропортунун стерилдүү зонасында жүргөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн.

1660

Бул факт боюнча, Элчиликтин вице-консулу Кыргыз Республикасынын жаранына көмөк көрсөтүү үчүн  аэропортко барган. Натыйжада  01.01.1974-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.К., 9-июнь күнү саат 01:35 чамасында Москва-Ош каттамы менен учуп, чек ара көзөмөлүнөн өткөндөн кийин, жекелигин тастыктаган  бардык документтерин жоготуп алганы аныкталган.

Аталган жаран Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып кетүүсү үчүн «Шереметьево»  эл аралык аэропортунда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара көзөмөл отряды менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бардык маселелер чечилгенден кийин 2021-жылдын 10-июнунда ага Мекенине кайтуу күбөлүгү жасалып берилип, жакынкы аба каттамга билет алууга көмөк көрсөтүлдү. Ошондой эле А.К. аттуу жаран 12-июнь күнү саат 08.00дө Мекенге ийгиликтүү учуп кетти.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан өздүгүн тастыктаган документтерине сак болууну жана этияттык менен мамиле кылууну чын жүрөктөн өтүнөт.

Ошондой эле бардык документтердин ксерокөчүрмөсүн жасап, аларды коопсуз жерде сактоону сунуштайбыз, анткени паспортуңуздун, ID картаңыздын, аскер билетинин же айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсүнүн болушу идентификациялоону жана Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгүн  берүүнү тездетет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK