2021-жылдын 05-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат мекендештер арасында руханий жана маданий баалуулуктарды жигердүү өнүктүрүп келе жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, анын ичинде Аян театрынын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева, «Ар дайым жанымда турган үй» долбоорунун негиздөөчүсү Дамира Казакпаева жана Москвадагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Мурзабаева Гүлшайыр менен жолугушту.

1578

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында алдыда өтө турган иш-чаранын маселелерин талкуулашты.

Элчи Г.-К. Самат Элчилик жакынкы аралыкта «Элчиликте мекендештердин балдары үчүн жайкы лагер күнүн»  өткөрүүнү пландап жаткандыгын маалымдады.

Бул иш-чаранын максаты - маданий, эстетикалык, руханий-адептик баалуулуктарды өнүктүрүү жана жаштар арасында кыргыз маданиятын бекемдөө болуп  саналат.

Бардык пландаштырылган иш-чаралар Россия Федерациясындагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK