Сахарово кыштагындагы көп функционалдуу борборунда Кыргыз Республикасынын жарандарын жана эмгек мигранттарын COVID-19ка каршы эмдөө башталды.

2612

Сахарово кыштагындагы көп функционалдуу борборунда Кыргыз Республикасынын жарандарын жана эмгек мигранттарын COVID-19ка каршы эмдөө башталды.

Москва шаары боюнча башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин Е.Е. Андрееванын 2021-жылдын 15-июнундагы №1 "Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча жарандардын айрым топторуна профилактикалык эмдөө жүргүзүү жөнүндө" буйругуна ылайык, эмгек келишимдин жана жарандык келишимдин негизинде иштеген бардык жарандар жаңы коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы милдеттүү эмдөөдөн өтүшөт.

Ушуга байланыштуу, эмдөөлөрдү алуу үчүн жумуш берүүчүлөр өз кызматкерлерин эмдөө үчүн көпфункционалдуу миграциялык борбор аймагындагы эмдөө пунктунда иштеп жаткан поликлиника менен келишим түзүп, борборго жарандарды жеткирүү керектигин билдирет андан ары алар эмдөөдөн өтүшөт. Кыргыз Республикасынын жарандары борбор жумуш берүүчүлөрдүн арызын карап чыккандан кийин эмделе алышат. Арызда уюмдун аталышы, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана ар бир кызматкердин паспортунун реквизиттери, ошондой эле эмдөөгө негиз болгон документтин түрү камтылышы керек.

Иш берүүчү эмдөө кызматы үчүн акы төлөп кызматкерлердин күбөлүктөрүн алат.

Эмдөө пункттары:

1) Сахароводогу көп функционалдуу миграция борбору, дареги: Москва, Вороновское, Варшавское шоссеси, 64-чакырым, 1-үй, 47-корпус. Иштөө убактысы: 24/7, 08:00дөн 20:00гө чейин;

2) "Садовод" соода борбору, дареги: Москва ш. Верхние Поля көчөсү, 54 үй. Иштөө убактысы 08:00дөн 20:00гө чейин.

Яндекс такси компанияларынын айдоочулары үчүн жана Яндекс Go, “Яндекс.Еда", "Яндекс.Маркет жана Яндекс.Деливери” иштеген айдоочулар жана курьерлер үчүн курьердик борборлордун базасында эмдөө пункттары ачылды. Кызматкерлер «Sputnik V» эки компоненттүү вакцина менен эмделет. Таксисттер үчүн эмдөө акысыз болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK