Кыргызской Республики в Российской Федерации Гульнара-Клара Самат провела встречу с Чрезвычайным и Полномочным Послом Республики Чили в Российской Федерации Эдуардо Эскобар.
2021-жылдын 8-июлунда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Чили Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдуардо Эскобар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Чили Республикасынын ортосундагы мамилелердин келечеги, ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алышты.
Тараптар кыргыз-чили кызматташтыгын чыңдоо үчүн ар кандай деңгээлдеги байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.