Улуттук изилдөө ядролук университети "МИФИ" 2021-жылдын 31-июлуна чейин чет элдик жарандарды магистратурага акысыз негизде окууга кабыл алат, алар Россиянын жарандары менен бирдей шарттарда кирүү сынактарынан өтөт.

1705

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын кесипкөй кадрларын даярдоо жаатында кызматташууну илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Элчилик төмөнкүнү билдирет.

Улуттук изилдөө ядролук университети "МИФИ" 2021-жылдын 31-июлуна чейин чет элдик жарандарды магистратурага акысыз негизде окууга кабыл алат, алар Россиянын жарандары менен бирдей шарттарда кирүү сынактарынан өтөт.

Студенттер жатакана менен камсыз болушат, ошондой эле стипендия дайындалат.

Документтерди кабыл алуу жана кирүү экзамендери аралык режимде жүргүзүлөт. Окуунун багыттарынын тизмеси, ошондой эле кабыл алуу комиссиясына тапшыруу үчүн зарыл документтердин тизмеси менен https://admission.mephi.ru/admission/magistracy сайтынан таанышсаңыз болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK