2021-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде «Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь» маданий иш-чарасынын жабылыш аземи болуп өттү.
2021-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде «Мекендештердин балдары үчүн жайкы лагерь» маданий иш-чарасынын жабылыш аземи болуп өттү.
Жайкы лагердин алкагында балдар үчүн боз үйдү орнотуу процесси көрсөтүлүп, улуттук аспаптардын коштоосунда композициялар ойнолуп, поэтикалык ыр саптары жана “Манас “ эпосу окулуп, салттуу улуттук куурчак "чий куурчакты" даярдоо боюнча мастер-класс көрсөтүлдү, ошондой эле балдар «Адам жана карышкыр» жана «Кожожаш» аттуу элдик жомокту көрүштү.
Мындан сырткары, «Шайыр апалар» этно тобу жана Кыргызстандын жети дубанынын таланттуу өкүлдөрүнөн турган «Кыргыз Этномаданияты - Кыргыз Өнөрү» чыгармачыл тобу концерттик программа тартуулады.
Ошондой эле жаш кыргызстандыктар үчүн ар түрдүү маданий-таанышуу, спорттук, конкурстук иш-чаралар өткөрүлдү.
Балдар оромо, манты, боорсок, чак-чак, курут, сары май сыяктуу кыргыз элинин улуттук тамак-аштарынын даамын татып, аларды даярдоо процесси менен таанышты.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бардык жигердүү катышкан кичинекей бөбөктөргө улуу кыргыз жазуучусу А.Осмоновдун «Навеки Иссык-Куль полюбила Нева» аттуу чыгармалар жыйнагы белекке берилди.
Ошону менен бирге, белгилеп кетчү жагдай мындай маданий иш-чара мекендештердин балдары үчүн биринчи жолу уюштурулуп жатат.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында уюштурулду.