Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 «Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-майында күчүнө кирген Токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып кетүү чыгымдарын жабуу үчүн жазган арызын кароо боюнча Комиссиясынын түзүлгөн.

1556

Аталган токтомго ылайык сөөктөрдү (жүк-200) алып кетүү чыгымдарын ишке ашырган жакын туугандары же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген адам бир жолку төлөмдү кайтарып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында да, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборго, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине да кайрыла алат.

Президенттин Жарлыгы чыккан учурдан баштап, Россия Федерациясындагы каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын 78 жакын туугандарына бир жолку төлөмдөр төлөнүп берилди. Анын ичинен 32си Россия Федерациясынын аймагындагы Элчиликтин комиссиясынын чечимин негизинде, 46сы Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборунун комиссиясы тарабынан төлөнүп берилген.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчилик дагы бир жолу эскертет, бир жолку төлөмдү алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1. Арыз;

2. Акча каражатын алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

3. Туугандык жакындыгын тастыктаган документтери (нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);

4. Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же оригиналы, же өлгөндүгү жөнүндө маалымдаманын оригиналы;

5.      Алуучунун банк реквизиттери.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK