Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Ж.А.Асанкулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Татарстан Республикасынын Президенти Р.Н.Миннихановдун чакыруусу боюнча 2021-жылдын 28-июлунан 30-июлуна чейин Татарстан Республикасынын Казань шаарында өтө турган «Россия - Ислам Дүйнөсү» эл аралык экономикалык саммитине катышууда.

2003

Кыргызстандын делегациясынын курамында - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри А.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Кожоев, ошондой эле банк секторунун жана бизнестин өкүлдөрү бар.

Саммитке катышуунун алкагында Татарстандын Президенти Р.Минниханов, Сауд Арабия Королдугунун, Бахрейндин, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркия Республикасынын жана Башкортостандын делегацияларынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү пландаштырылууда.

Ошондой эле Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын аймагында Татарстандагы ири бизнестин өкүлдөрү менен ишкер сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK