Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт –Петербург шаарындагы Канцеляриясы Кыргыз Республикасынын ЖМКларында тарап жаткан «Санкт -Петербургда кылмышкер кыргыз кызга кол салып, башка бөтөлкө менен чапты» (http:// https://svodka.akipress/) деген аталыштагы маалыматка карата, төмөндөгүлөрдү билдирет.

1701

2021-жылдын 8-августунда Санкт-Петербург шаары, Софьи Ковалевской, 13/1 көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө кассир болуп иштеген  Кыргыз Республикасынын  28.05.1993-жылы туулган  К.М.К., аттуу жаранына кассадагы акчаны алып кетүү максатында каракчылык кол салуу болуп, аны кол салган адам бир нече жолу айнек бутылка менен башка чапкан. Жабырлануучу көк ала болуп, башынан жаракат алган, бирок бутылка сынган эмес.  

Окуяга күбө болгондор тарабынан кайрылуу келип түшөрү менен Калинин районунун полициясынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери дароо эле кылмышкерди таап, кармап келишкен, ал мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы М.В., аттуу жаран болуп чыккан.

Учурда, күнөөлүүлөр кармалып, Калинин районунун укук коргоо органдары тарабынан РФнын Кылмыш кодексинин 162-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт –Петербург шаарындагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK