2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен бирге кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга акыркы убакта Москва шаарында жана Москва облусунда кыргыз жарандары катышкан окуяларга байланыштуу, кыргыз спорт клубдарынын жана такси кызматы менен алектенген жамааттардын өкүлдөрү да катышты.

1821

2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен бирге кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга акыркы убакта Москва шаарында жана Москва облусунда кыргыз жарандары катышкан окуяларга байланыштуу, кыргыз спорт клубдарынын жана такси кызматы менен алектенген жамааттардын өкүлдөрү да катышты.

Москва шаарындагы «Кузьминки» метросунун станциясынын жанындагы массалык мушташтын себептери жана кесепети, ошондой эле Кыргызстанда болуп өткөн күнүмдүк чыр-чатак денгээлиндеги эки окуя  талкууланды.

Диаспора уюмдарынын лидерлери жана жыйындын катышуучулары мындай окуялардын алдын алуу боюнча бир добуштан пикирин билдиришти, кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырышты.

Жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлү Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан наркотикалык каражаттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын санынын көбөйүү фактысына өзгөчө көңүл бурду.

Коомдук уюмдарга Кыргызстандын жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине алып келгендиктен, аларга россиянын мыйзамдарын так сактоо, аны бузбоо боюнча кыргызстандыктар арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү билдирилди.

Кошумчалай кетсек, иш -чарага «Айымдар диалогу»  эл аралык тынчтыкты сактоо кыймылынын төрайымы Е.Г.Семерикова катышып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоодо кыргыз бийлигинин аракеттерин жогору баалады.

Өз сөзүндө Е.Семерикова төмөнкүлөрдү белгиледи: «Айымдар диалогу Кыргызстандан келген эмгек мигранттарына ыраазы болуу менен мамиле кылат, алар шаарларыбызды таза жана жашоого ыңгайлуу кылып, орус балдарына мектептерде жана университеттерде сабак беришет, медициналык мекемелерде алдыңкы орунда иштешет, Россия элдерин өздөрүнүн маданияты менен байытып,  жалпы адамзаттык мейкиндигибизди гармониялуу түрдө толуктап жатат!. Кыргыз эли Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Россия элдери менен биргеликте Улуу Ата Мекенибизди коргоду !!! Россия менен Кыргызстандын элдери бирге! Ушундай болгон, болуп келет жана боло берет! Айрым  оппозициялык саясатчылар, айрыкча ЛДПР партиясынын лидери В.Жириновский  сыяктуулар тарабынан көрүлүп жаткан улуттар аралык араздаштыруу, элдерибизди жек көрсөтүү жана кастыкты козутуу аракеттери  кабыл алынгыс!».

Элчиликтин консулдук кызматкерлери жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Коомдук уюмдар кыргызстандыктардын Россияда болушунун мыйзамдуулугун камсыздоо үчүн профилактикалык жана биргелешкен иш -чараларды өткөрүүдө керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырасташты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK