Маркум Жыргалбек уулу Кнын сөөгүн КРга жеткирүү менен байланышкан аракеттер тууралуу маалымат

1748

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чараларынын алкагында, Элчиликтин Владивосток шаарындагы Канцеляриясы, эмгек милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон КР К.Жыргалбек аттуу жарандын жакындарына жардам берүү, сөөктү Кыргыз Республикасына репатриациялоо үчүн жумуш берүүчүдөн тиешелүү төлөмдөрдү алуу максатында, 2021-жылдын 10 -августунда иш берүүчү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, натыйжада алар Хабаровск-Москва-Ош каттамында коштоп жүргөн адамдарга 2021-жылы 13-августта 4 авиабилет сатып берип, маркумдун эмгек акы картасын тапшырышкан.

Ошондой эле маркумдун жакындарына жумушта материалдык компенсация жана башка камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Кошумчалай кетсек, Элчиликтин Владивосток шаарындагы кеңсеси «жүк-200дү» Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө даярдык көрүү менен байланышкан жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Хабаровскидеги Жаназа кызматына керектүү документтердин тизмесин даярдап, жөнөткөн. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясындагы Элчиликтин Владивостоктогу Канцеляриясы маркумдун жакындары жана “Интер-пол” ЖЧКсынын жетекчилиги менен дайыма байланышта экендигин маалымдайбыз.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын жараны К.Жыргалбек ушул жылдын 16 -июлунда «ИнтерПол» ЖЧК курулуш компаниясына жумушка орношконун маалымдайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK