Россиянын Мамлекеттик кино фонду Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын экрандык версияларынын ретроспективасын даярдады.

1538

Россиянын Мамлекеттик кино фонду Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын экрандык версияларынын ретроспективасын даярдады.

Ушул жылдын 17-августунан 25-августуна чейин «Иллюзион» кинотеатрында атактуу жазуучубуздун прозасы боюнча тартылган Лариса Шепитько, Сергей Урусевский, Андрей Кончаловский, Төлөмүш Океев жана башка режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлөт. Программа 1991 -жылы Москва кинофестивалында - СССР тарыхында акыркы болуп калган Айтматовдун ошол эле аңгемесинин негизинде тартылган Карен Геворкяндын «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» тасмасы менен аяктайт.

Ошондой эле ретроспективанын жүрүшүндө кинотеатрдын фойесинде Москва Сүрөтчүлөр союзунун «Московский эстамп» чыгармачыл-кесипкөй бирикмесинин сүрөтчүлөрү тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жасалган түстүү линогравюр көргөзмөсү өтөт.

Бардык көрсөтүүлөр Россиянын Мамлекеттик кино фондунун коллекциясынан алынган 35 - мм пленкадан өткөрүлөт.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын бардык күйөрмандарын жана кыргыз киносунун күйөрмандарын бул маанилүү долбоорду колдоого жана жогоруда айтылган кино көрсөтүүгө катышууга чакырат.

Программа:

17 августа 19:30 «Перевал» (1961) – Алексей Сахаров

18 августа 19:30 «Зной» (1962) – Лариса Шепитько

19 августа 19:30 «Первый учитель» (1965) – Андрей Кончаловский

20 августа 19:30 «Красное яблоко» – Толомуш Океев

21 августа 14:30 «Материнское поле» (1967) – Геннадий Базаров

21 августа 20:00 «Джамиля» (1968) – Ирина Поплавская

22 августа 18:00 «Бег иноходца» (1969) – Сергей Урусевский

23 августа 19:30 «Белый пароход» (1975) – Болотбек Шамшиев

24 августа 19:30 «Смерч» (1988) – Бако Садыков

25 августа 19:30 «Пегий пес, бегущий краем моря» (1990) – Карен Геворкян

Толук маалыматты бул шилтемеден алса болот: https://docs.google.com/document/d/1ql-GDkUc1jupk09LIlgOrTC5ma3THU2AlUzNnOxJ6yI/edit?usp=sharing

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK