Отчеттук мезгилде Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук укуктук жардам көрсөтүү үчүн Москва шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнө 10 жолу барышкан.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн 2021-жылдын 9-13 –августундагы аралыкта аткарган иштери жөнүндө маалымат
Отчеттук мезгилде Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук укуктук жардам көрсөтүү үчүн Москва шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнө 10 жолу барышкан.
Тактап айтканда, 14-августта, дем алыш күндөрү, Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Нагатинский Затон районундагы бөлүмүнө, ошондой эле Министрликтин Башкы башкармалыгынын 4-полиция бөлүмүнө чыгуулар болду. Иш-чаранын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 10 жараны бошотулган.
2021-жылдын 14-15-августунда консулдук кызматтарга чукул муктаждык болгондугуна байланыштуу, Калининград шаарында консулдук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызмат көрсөтүлдү. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын паспортун берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын 34 арызы кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Москвадагы Элчилигине бара албаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дагы консулдук кызматтар да көрсөтүлдү.
14-августта Элчиликтин кызматкери "Кыргыз -Биримдиги" аймактар аралык коомдук уюмунун Аялдар комитетинин жыйынына катышты. Аялдардын миграциясынын актуалдуу көйгөйлүү маселелери жана өзгөчөлүктөрү талкууланды.
Иш берүүчүдөн 54 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам көрсөтүлдү.
Укуктук маселелер боюнча консультациялар (кылмыш, жарандык, административдик иштер) үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын 128 жаранына консультация берилген.
Кыргызстандын каза болгон жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу үчүн компенсация төлөө маселеси боюнча Россияда 2 кайрылуу оң жагына чечилип, акчасы төлөнүп берилди.
Элчиликтин интернет кабылдамасына Кыргыз Республикасынын жарандарынан 45 кайрылуу келип түшкөн, алардын баарына тиешелүү жооптор жана консультациялар берилген.
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү маселеси боюнча төмөнкү консулдук иш-чаралар жүргүзүлгөн:
Кызматтын / аракеттин аталышы |
саны |
Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүктөр берилген |
364 |
Жалпы жарандык (чет элдик) паспорттор катталган |
388 |
ID-паспорттор катталган |
203 |
Жалпы жарандык (чет элдик) паспорттор берилген |
96 |
ID-паспорттор берилген |
82 |
Жалпы жарандык (чет элдик) паспорттор узартылган |
29 |
ID-паспорттор узартылган |
21 |
Убактылуу консулдук каттоо |
353 |
Туруктуу консулдук каттоо |
3 |
Консулдук каттоодон чыгарылды |
9 |
Берилген ПИН |
226 |
ПИН оңдолгон |
13 |
АИС "Истребование" аркылуу суралган документтер |
15 |
Улуттук салт боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга фамилия ыйгаруу тууралуу күбөлүктөр берилди |
37 |
Калктуу конуштардын атын өзгөртүү боюнча справка берилди |
3 |
Жарандыкты аныктоо |
7 |