Аликбек Жекшенкулов, КР РФ Элчиси: “Россиянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендиги көрүндү”

5719

Аликбек Жекшенкулов, КР РФ элчиси: “Россиянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендиги көрүндү”

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ АКЖОЛТОЙ ЭЛЧИ БОЛДУ... 

- Аликбек Жекшенкулович, өткөн жумада жергебизге Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен келип кетти.Дипломат катары эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү канчалык деңгээлде өз максатына жетти деп ойлойсуз?

- Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле -бул кылмадардан бери уланпып келаткан мамиле.Ар кандай кырдаалдар болсо дагы эки элдин ортосундагы карым –катнаш үзүлгөн жок.Бир кездерде бир мамлекеттин курамында жашадык, натыйжада жалпы көз караш, жалпы менталитет калыптанып, бир багытта иштегенге даяр болуп калганбыз.Россияда тышкы саясат көп жагынан лидерге көз каранды.Ал киши кандай багыт берсе, тышкы саясат ошого жараша жүргүзүлөт.Мамлекеттик сапарды даярдоодо эң маанилүү салым - бул эки президенттин Сочидеги жолугушуусу болду.Эки лидердин ортосунда жакшы маанай түзүлүп, ишенимдүү сөздөр айтылып, көп маселелерди үч саат бою ачык-айкын талкуулап алышты.Билесиңер да, Владимир Владимирович дүйнөлүк деңгээлде эң таасирдүү лидерлердин бири.Үч саатта көп нерсени талкууласа болот.Саясат, экономика, коопсуздук, маданият, билим берүү ж.б. маселерди талкуулап, бир пикире келишкен.Ошондон кийин көп маселелердин башы ачылды.Лидерлер тил табышкандан кийин бизге, дипломаттарга да иштеш оңой болот.Албетте, сапарды даярдоо учурунда анча-мынча техникалык мүчүлүштүктөр кездешкендей болду.Бирок, биз алардын баарын иш процессинде жойо алдык.Негизги коюлган максат аткарылды.Россиядан Кыргызстанга 6 млрд.доллардан ашуун инвестиция тартылмай болду.Мындай чоң каражаттарды камтыган келишимдер тарыхта болгон эмес.Россиянын Президенти менен кошо 250 бизнесмен, 70тен ашуун ректорлор келди.Эки тараптуу мамилелерди жүргүзүүдө таасир бере турган, чече турган, ишти аткара турган кишилердин баары келди.Бул эмнени көрсөтөт?Бүгүнкү күндө Россиянын жетекчилиги биздин президентибизге, жалпы коомубузга ишеним көрсөтүп, биз менен кызматташууга кызыкдар экендигин көрсөтөт.

Экинчи жагынан биздин жетекчилерибиз да, президент Сооронбай Шарипович баш болуп маселелерди улуттун кызыкчылыгын көздөп талкуулашып, алар оң жагына чечилди деп айтсак болот. Айыл чарбасынан баштап, тоо кендерди иштетүү, өлкөнү толугу менен газификациялоо, темир жолдорун чындап жаңылоо, соода-сатыкты, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча көп маселелер чечилди. Ушу кезге чейин, эгемендик алган 28 жылдын ичинде кайсыл мамлекет бизге кучагын жайып, ушунча каражат сунуштады эле? Андай болгон эмес. Билим берүү системасы боюнча эле 70 документке кол коюлду. МГУ сыяктуу дүйнөдөгү эң таасирдүү ЖОЖдордун ректорлору келишип, келечек муунга билим берүүгө, окуу жайларында иштеген окутуучулардын деңгээлин көтөргөнгө жардам көрсөтөлү деген сөздөр айтылды.Биздин мамлекетибиз, элибиз заманбап жана сапаттуу жардамга муктаждыгыбыз учурдун талабы. Мындан башка Россиянын 18 регионунун жетекчилери келип, алардын жетөө келишимдерге кол коюшту.Эми аларды аткаруу эң
маанилүү маселе.Биз тарап премьер-министрден баштап губернатор акимдерге, жеке ишкерлерге чейин берилип жаткан акчаны эл үчүн, мамлекет үчүн туура, натыйжалуу пайдаланууга тийиш.

- Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айткандарына таянып, ЖМКлар Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 30 млн.доллар берээрин жазышты.Мындай жардам мурда да берилчү, бирок, соңку кездерде берилбей калган. Анын себеби эмнеде?

- Ооба, ал акча бөлүндү. Бир аз мезгил берилбей калган себеби, жаңы президент шайланганда алар деле бир аз мезгил байкашат да кандай болот деп.Бул кредит эмес, бул грант. Биздин мугалимдерди, врачтарды, пенсионерлерди, жалпысынан бюджет секторундагыларды колдоо максатында берилген жардам. Мындай каржылык колдоо өлкөдөгү саясий абалга, мамилеге, жетекчиликтин саясий эркине жараша болот да. Мен жогоруда айтып кеткендей, Сочиде эки өлкөнүн башчылары жолукканда инвестиция, коопсуздук сыяктуу маселелердин баарын талкуулашып, бир нукка түшүп келатат.

- Жолугушуу учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбексан темир жолунун жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча да маселе козголоору айтылган болчу. Бирок, алар тууралуу сөз болгон жок.

- Кийинки жолугушууларга да иш калсын да... Биринчиден, Кытай-Кыргызстан-Өзбексан темир жолунун курулушу геосаясий, геоэкономикалык маселе. Ошол үчүн аны кароого убакыт керек. Андан тышкары, аны Россия менен эле Кыргызстан жалгыз чече албайт. Бардык кызыкдар өлкөлөрдүн катышуусунда биргелешип чечүү керек. Темир жол демекчи, биздин жолдор аябай эскириптир. Эгер казактын поезддери саатына жүз чакырым ылдамдыкта жүрсө, биздики алтымыштан ашык жүрө албайт экен. Ошол үчүн “Россиянын темир жолдору” АККы модернизациялоо, түндүк-түштүк темир жолуна жардам берүү боюнча меморандумга кол койбодубу. Бул чоң иш. Биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мына, Газпром келди эле канча жумуш орундары түзүлдү, газ үзгүлтүксүз элге камсыздалып жатат, андан тышкары, мектептерди, спорт аянтчаларын курууга жардам берүүдө.

- Канттагы аскер авиабаза боюнча эмне өзгөрүү болду?

- Аскер базанын эки тараптуу аскерий коопсуздук жаатындагы кызматташууга мурункудан караганда кенен мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бул жаңы өзгөрүүлөр биринчи ирээттен биздин улуттук коопсуздугубузду камсыз кылууга жана өлкөбүздүн куралдуу күчтөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Азыр жаңы, заманбап технологиялар чыгып атат. Ошого жараша база да жаңы технологиялар менен жабдылып турушу керек да. Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу бул база биринчи кезекте бизге керек, биздин асманыбыздын жана жерибиздин коопсуздугу бекем күзөттө болуш керек.

- Дагы бир база ачуу тууралу сөз болгон жокпу?

- Жок, андай сөз болгон жок.

- Биздин эмгек мигранттарыбызга, алардын иштөөсүнө шарт түзүү, коопсуздугун камсыздоо боюнча да жакшы чечимдер кабыл алынды окшойт?

- Мен элчилик кызматка киришкен соң барган жеримдин баарында мигранттар, алардын лидерлери менен жолугуп аттым. Москвадан, Сочиден, Казандан дагы жолуктум.Негизинен биздин мигранттар үчүн жакшы жагдайлар түзүлгөн. Бирок, ачыгын айтканда, күнөө кээде биздикилерден да кетип калат. Айрымдар мыйзамды сыйлашпайт, маданиятсыздыгын көрсөтүшөт, эң өкүнүчтүүсү кылмыш жолуна түшүп кеткендер да жок эмес. Ошолордун айынын жалпы мигранттар жаманатты болгондой көрүнүп калат, бирок, жалпысынан кыргыздарды Россияда сыйлашат. Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, мамлекеттин деңгээлинде маселе чечилген. Өзүңөр билесиңер, былтыр күзүндө мыйзам бузган биздин мигранттарга мунапыс жарыяланган. Быйыл анын мөөнөтү апрель айынын аягына чейин узартылды, эки мамлекеттин лидерлеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде Россиянын аймактарынан чыкпай туруп документтерин тууралап алганга кенен мүмкүнчүлүк түзүлдү. 200 миң мекендешибиздин аны пайдаланганга мүмкүнчүлүгү бар. Учурда, биз ЖМКлар, социалдык түйүндөр аркылуу аны мигранттарга жеткирүүгө аракет кылып, маалымдап жатабыз. Эми биздин мекендештерибиз ал мүмкүнчүлүктү канчалык пайдалана алышат, кеп ошондо.

- Якутиянын жетекчилери мигранттардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алышты.Бирок, ага удаа эле бул кыргызстандык мигранттарга тиешелүү эмес деген маалымат тарады.Ал чечимдин чындап эле биздин жарандарга тиешеси жокпу?

- Якутиянын мыйзамы Россиянын мыйзамынан жогору тура албайт. Ал Россия Федерациясынын бир субьекти. ЕвАзЭСтин алкагында Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосунда чоң келишмдерге кол коюлган. Андыктан, ал чечимдердин чындыгында эле бизге тиешеси жок. ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттары үчүн өзгөчө шарттар түзүлгөн. Бирок, биздин жарандар да мыйзамды сыйлашы керек. Мен Якутия боюнча эки нерсени айтып берейин. Биздин кээ бир мигранттарыбыз чоң катачылыкка жол беришкен. Атын айтпай эле коеюн, бир студент жигит якут балдар менен мушташа кетип, социалдык түйүндөр аркылуу аларды (жеке жанагы балдарды эмес, жалпы якут улутун) одоно сөздөр менен жамандап туруп, өзү качып кеткен.Ошондон улам “биздин жерибизге келип, акча таап, анан суу ичкен кудугуна түкүргөнү кандай?”- деп коом дүргүп калган. Якуттар да аябай намыскөй, жоокер эл келет эмеспи. Мындай жагымсыз окуялар андан кийин да бир-эки жолу кайталанып, эң акыркысы, якуттардын митингге чыгарган жанагы кыз зордуктоо фактысы болду. Ал окуялар башталганда эле Москвадан консул, ИИМдин өкүлдөрү Якутиянын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө сала алдык. Ал жерде да ар кандай саясатчылар бар экен. Кээ бирлери стадиондо көп киши чогулган жерде туура эмес сүйлөп алып, улутчулдук аң-сезимди козуткандай болду. Бирок, кийин алардын сөздөрү оңолду.

Ушул жерден дагы бир окуяга токтоло кетейин.Социалдык түйүндөр аркылуу биздин бир кызды башка улуттагы жыйырма бир бала зордуктагыны тууралуу маалымат элди аябай дүрбөтпөдүбү. Иликтөөнүн жыйынтыгында анын баары калп болуп чыкты. Эки жаш бала бири-бирине ушак айтат. Бири анын чын -төгүнүн териштирбей эле социалдык тармактар аркылуу жыйылтып ийет. Өкүнүчтүү жери, биздин кээ бир жаштар өздөрүн интернет аркылуу мекенчил кылып көрсөткүлөрү келгени менен улуттун ар-намысын унутуп калышат. Жанагындай маалымат тарагандан кийин биз чын эле ошондой окуя болгонбу, болгон болсо күнөөлүүлөр жазаланууга тийиш деп Россиянын ИИМине кайрылдык. Бирок, алар териштирсе андай окуя болбоптур, эч кимден эч кандай арыз түшпөптүр. Азыр тиги эки жигитке мыйзам чегинде чара көрүлгөн жатат. Ошон үчүн мен сиздердин гезит аркылуу сыртта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып кетээр элем.

Урматтуу мекендештер! Соцтармактарга маалымат жазаардын алдында – ал маалымат элиме-жериме, кыргыз улутуна, мамлекетиме шек келтирип койбойбу деп ойлонсоңор. Чет өлкөдө жүргөндө кыргыз элинин жалаң жакшы жактарын гана чыгаралы, өйдө-төмөн сөздөрдү токтотолу, өзүбүздүн улуу эл экенибизди жогорку маданиятыбыз, билимдүүлүгүбүз, эмгекчилдигибиз менен көрсөтөлү, рухубузду даңазалайлы, башка улуттарга урмат-сый, сабырдуулук менен мамиле кылалы. Сыртта болобузбу, ичте болобузбу, жаман иштерден алыс болуп кыргыз элибизди жаратмандыкка үндөйлү.

Мамат Сабыров

Булак:Азияньюс гезити

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK