Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын борбору Казань шаарында биринчи жолу 4 -сентябрдан тартып 11 -сентябрга чейин эл аралык мелдештер - КМШ өлкөлөрүнүн I оюндары өткөрүлүп жатат. Оюндардын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчи – кичи Элчиси А.Эркин катышты.

1652

Оюндардын уюштуруучулары катары Россия Федерациясынын Спорт министрлиги, Татарстан Республикасынын Өкмөтү жана КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңеши саналат.

Оюндарга КМШнын 9 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынан 14 жаштан 23 жашка чейинки 1000ден ашуун спортчу катышат. Катышуучулар спорттун 16 түрү боюнча 182 комплект сыйлыктар үчүн ат салышат.

         Учурда, Кыргызстан 30 медалга ээ болду, анын ичинен 2 алтын медаль күрөш жана бел боо күрөшү боюнча мелдеште утуп алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK