Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын жаранынан Москва облусунун Миграция маселелери боюнча бөлүмү Элчиликтен жаңы паспорт алган жарандарды каттоону узартуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

1492

Бул маалыматты текшерүү үчүн Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке барып, Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда миграцияга каттоодон баш тартуунун себеби эмгек келишимдери туура эмес түзүлгөнү экендиги аныкталган.

Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн юристтери Миграция маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарына документтерди белгиленген тартипте даярдоо зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK