18-19-сентябрында Самара шаарында Элчиликтин кызматкерлери кыргызстандыктардын коомдук уюмунун жардамы менен Самара облусунда жашаган мекендештер үчүн дагы бир талаа консулдук кызматын өткөрүштү

1433

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги консулдук округда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызматтарды үзгүлтүксүз өткөрүп турат.

Ошентип, ушул жылдын 18-19-сентябрында Самара шаарында Элчиликтин кызматкерлери кыргызстандыктардын коомдук бирикмесинин колдоосу астында Самара облусунда жашаган мекендештер үчүн дагы бир ирет жерине баруу менен консулдук кызматтарды көрсөтүүнү ишке ашырышты. Кабыл алуунун алкагында 150дөн ашык жаранга жалпы жарандык паспортторду, ID-карталарды, Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүктөрүн жасап берүүгө арыздар алынып, ошондой эле консулдук маселелер боюнча консультациялар берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK