Кыргызстандык жарандар үчүн "Миграциялык мунапыстын" иштөөсү тууралуу

4604

Урматтуу мекендештер,

Урматтуу РФнын аймагындагы кыргызстандыктар,

Россия жергесинде миграциялык каттоонун шарттарын бузуп, иштеп жүргөн мекендештер болсо, Сиздер “Миграциялык мунапыстан” пайдаланып калуу мүмкүнчүлүrуланууда.

Ал 2019-жылдын 22-апрелине чейин эле уланат, 17 күн гана калды.

Тез арада КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын www.ssm.gov.kg “миграциялык мунапыска” туш келгендигиңизди тастыктаган Тизмени карап, чыгып калсаңыз РФнын ИИМнин Миграция боюнча башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө барыңыз.

Урматтуу мекендештер,

Мунапыс иши жүрүп жатат, эгерде Сиз барган миграция бөлүмүндө КРнын жарандарына карата миграциялык мунапысты билбесе, уккан жокмун, көргөн жокмун деген жооп болсо, бул телефондорго чалып, айтыңыз: 8 (925) 2917272; 8 (495) 780 74 10; 8 (495) 780 74 12, 8 (495) 780 74 13, Урал округу боюнча тел.: +7 (963) 450 55 00; Сибирь федералдык округ боюнча тел.: +7 963 268 72 42 +7 923 333 07 93.

“Миграциялык амнистия” мыйзамдаштырып алганга жол бербейт, бул болбогон иш деген айрым сөздөргө ишенбестен, тийиштүү жерге барып, тактаңыз.

Элчилик бүгүнкү күнү РФнын бардык аймактарында кыргызстандык жарандар үчүн чыккан “миграциялык мунапысты” элге туура жеткирип, жарыялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан бардык мекендештерге ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK