Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана консулдук реестрден чыгаруу тартибин жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы №171 Токтому менен "Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана консулдук каттоодон чыгаруу тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр киргизилди

1777

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөнкүнү билдирет:

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана консулдук реестрден чыгаруу тартибин жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы №171 Токтому менен "Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана консулдук каттоодон чыгаруу тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр киргизилди:

  • Элчиликке жеке кайрылуу учурунда консулдук каттоо үчүн сүрөттөрдү берүүнүн кажети жок.
  •  Ошол эле учурда, дистанциялык (алыстан) каттоодон өтүү үчүн, жарандар электрондук дарегине жүзүнүн ачык сүрөтү бар түстүү сүрөттү жөнөтүшү керек.
  • Жаран Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо реестринен чыгарылбаган учурларда, Элчилик аркылуу Кыргыз Республикасынын каттоо реестринен алып салууга жана утилдештирүү дарегинин баракчасын талап кылууга болот, ал үчүн, туруктуу консулдук каттоого кайрылууда тиешелүү арыз берилет.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын жарандарын чет мамлекетте консулдук каттоодон арызы жок чыгаруу мүмкүнчүлүктөр төмөнкү учурларда болот:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү.

Консулдук реестрден чыкпаган жана Кыргыз Республикасына кеткен жарандар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин Бишкектеги консулдук реестринен же Кыргыз Республикасы Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн чыгарылышы мүмкүн, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда чыгарылат.

Ошондой эле, консулдук каттоо чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн зарыл шарттардын бири экенин эске салабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK