Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чараларынын алкагында Элчилик 2021-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жогорудагы категориядагы жашы жете элек 7 Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасына кайтарылды.

1513

Ошентип, Элчилик репатриация (кайтаруу) процессине керектүү тиешелүү документтерди даярдоого жардам көрсөтүп, тактап айтканда, балдарга Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөрүн берди.

Өз кезегинде кыргыз диаспорасынын активисттери балдарга кийим-кече жана эң керектүү нерселерди тапшырышты.

Ошондой эле, жетим балдарды Мекенине кайтаруунун (кайтуунун) үчүнчү бөлүгү 2021-жылдын аягына пландаштырылганын белгилейбиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK