Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында, Элчилик консулдук кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жол-жоболорун жүргүзүүгө Казан жана Самара шаарларына кезектеги сапарларын уюштурган.

1627

Буга байланыштуу Элчилик Казан жана Самара шаарларында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандарына жана досторуна ишенимдүү өтүнүч менен кайрылып, дем алыш күндөрү: 2021-жылдын 23-24-октябрь, 30-31-октябрь, 6-7ноябрь күндөрү, алар келе жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болуу үчүн консулдук каттоого туруп жана биометриканы тапшыра алышат.

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү процедуралары төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

- Самара ш., Воронежская көч., 9, байланыш телефону: +79163958181;

- Казан ш., Павлюхина көч., 57, байланыш телефону: +79047641220.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK