Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги легендарлуу 316-Гвардиялык Панфилов аткычтар дивизиясынын жоокерлеринин Волоколамск багытында Москва үчүн болгон салгылашуудагы өчпөс эрдигинин 80-жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

1286

2021-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги легендарлуу 316-Гвардиялык Панфилов аткычтар дивизиясынын жоокерлеринин Волоколамск багытында Москва үчүн болгон салгылашуудагы өчпөс эрдигинин 80-жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Дубосеково кыштагында жайгашкан Баатыр-панфиловчулардын мемориалына жана боордоштук бейитине гүл коюу аземинин алдында генерал И.В.Панфиловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана Волоколамск шаардык райондук администрациясынын башчысынын катышуусунда эскерүү жыйыны өттү.

Ошондой эле Волоколамск шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Д.Ф.Алексеев, Б.В.Тагунов жана И.М.Чистяковдун Баатырлар аллеясында орнотулган бюсттунун салтанаттуу ачылышы болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK