2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын биринчи катчысы Б.Асаналиев жана Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу В.Трофимов чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга (ЦВСИГ) барышты

1380

2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын биринчи катчысы Б.Асаналиев жана Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу В.Трофимов чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга (ЦВСИГ) барышты, ал жерде Россия Федерациясынын ИИМнин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жана Сахалин облусунун сотунун чечимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары жүргөн өлкөсүнүн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мекенине депортацияланышы күтүлүүдө.

Сапардын алкагында ЦВСИГдин башчысы А.Б.Богачев менен жолугушуу болуп, Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу кармоо жана андан ары мекенине кайтарууга байланыштуу маселелер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясы менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриясынын вице-консулу Кыргыз Республикасынын жарандарынын камакта кармоо шарттары менен таанышып, алар менен жолугушуу өткөрүп, алар тараптан берилген бардык суроолорго жооп берди. Ошондой эле КРнын Ардактуу консулу В.Трофимов мекендештерге керектүү азык-түлүктөрдү тапшырды.

Аталган мекеменин жетекчилигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө КРнын 10 жараны ЦВСИГде кармалып турат, алардын ичинен 7 жаран 2021-жылдын декабрь айынын биринчи жарымында мекенине жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK