2021-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси менен «Мен Москвада жүрөм» гуманитардык долбоорунун алкагында Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештердин балдары үчүн кезектеги экскурсия уюштурулду.

1364

         Бул жолкусунда 10 жаштан 14 жашка чейинки 15 баладан турган топ 1924-жылы түзүлгөн дүйнөдөгү эң эски авиация музейлеринин бири —Россиянын ДОСААФынын Борбордук авиация жана космонавтика үйүндө болушту.

Экскурсиянын жүрүшүндө балдар дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу экспонаттарды: алгачкы учуучу аппараттардын макеттери, жердин биринчи спутниги, «Восток» учуучу аппараты, «Буран» окуу стенди, биринчи космонавт ит Лайканын контейнери, космонавттарды даярдоо костюмдары жана башкаларды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эки саатка жакын балдар авиациянын жаралышы, легендарлуу учкучтар жана алгачкы космоско баруучулар жөнүндөгү аңгемелерди кызыгуу менен угушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK