Акылбек Жапаров жана «Газпромбанк» мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин талкуулады

1604

Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын биринчи вице-президенттери жана мүчөлөрү Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар жана аталган тармакты өркүндөтүү жаатындагы улуттук мыйзамдарды өзгөртүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында контракттарды трансулуттук банктык коштоо жаатында «Газпромбанктын» тажрыйбасын жана технологиясын пайдалануу маселеси талкууланды

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан аталган маселени иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. 

Тараптар аркылуу ошондой эле банктык коштоо кызматын илгерилетүү боюнча келечектеги өз ара аракеттенүүнүн,  мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдеринин, эмгек мигранттарынын Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына төлөмдөрдү жүргүзүү тутумун өркүндөтүүнүн айрым маселелери козголду. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусундагы жолугушууда мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттардын банктык коштоосун киргизүү максатында Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев, «Газпромбанк» акционердик коому тараптан Аткаруучу вице-президент – контракттардын банктык коштоосу департаментинин начальниги Олег Мельников кол койду.

Маалымдама: «Газпромбанк» акционердик коому – Россия Федерациясындагы ири универсалдуу финансы институттарынын бири, корпоративдик жана жеке кардарларга, финансылык институттарга, институционалдык жана жеке инвесторлорго банктык, финансылык, инвестициялык продуктуларды жана кызматтарды сунуштайт.

Банк негизги көрсөткүчтөрү боюнча Россия Федерациясындагы үч ири банктын катарына кирет жана Россия экономикасынын газ, нефть, атомдук, химиялык жана нефтехимия, кара жана түстүү металлургия, электр энергетикасы, машина куруу жана металл иштетүү, транспорт, курулуш, байланыш, агроөнөр жай комплекси, соода тармагы сыяктуу негизги секторлоруна кызмат көрсөтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK