2021-жылдын 28-ноябрында Татарстан Республикасынын Казань шаарында Казань ш., көч. Павлюхина үйү, 57 дарегинде жайгашкан № 9026 шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 11.00дө) ийгиликтүү ачылды.

1377

2021-жылдын 28-ноябрында Татарстан Республикасынын Казань шаарында Казань ш., көч. Павлюхина үйү, 57 дарегинде жайгашкан № 9026
шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 11.00дө) ийгиликтүү ачылды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабылат.
Казань шаары боюнча шайлоочулардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын 351 жараны бар.
Шайлоочуда Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрүнүн бири – Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту болууга тийиш.
Элчилик шайлоочулардын тизмесине кирген жарандарды №9026 шайлоо участкасына келип, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK