КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматы

3615

Санкт-Петербург шаарындагы Карповки 31 дареги боюнча жайгашкан мейманкананын имаратын бузуу иштеринде кокустуктан урап кеткен топурактын астында калып, кыргызстандык 36  жаштагы жаран каза болгон. Окуя болгон жерге КРнын Санкт-Петербург шаарындагы Ардактуу Консулу барган. Каза болгон КРнын жараны Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1982-жылы 9-апрелде туулган Н.О. экендиги такталган. Жарандын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде алынып чыгарылган. Азыркы кезде КРнын РФдагы Элчилигинин  Санкт-Петербург шаарындагы Кеңсеси каза болгондун туугандарына окуяны иликтөө дагы башка керектүү жардамдарды көргөзүүдө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK