2022-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки мезгилде Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Элчилик төмөнкүдөй иштерди аткарды.

1660

2022-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки мезгилде Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Элчилик төмөнкүдөй иштерди аткарды.

Отчеттук мезгилде Элчиликтин кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Россиянын укук коргоо жана сот органдарынын, клиникалык ооруканалардын ж.б. катышуусу менен 17 жолу чыгуу ишке ашырылган. Атап айтканда, төмөнкүлөр аткарылды:

-Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюуну алып салуу, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, баңги заттары боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Москва шаарындагы жалпы юрисдикциядагы сотторго 6 жолу баруу;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмүнүн себептерин аныктоо жана алардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алуу максатында Россия Федерациясынын тергөө органдарына 2 жолу баруу;

- Борбордо убактылуу кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөдөн чыгаруу процессин тездетүү маселесин чечүү, ошондой эле аларды кармоонун шарттары менен таанышуу үчүн Москва шаарындагы Россиянын Ички иштер министрлигинин Жарандарды убактылуу кармоочу жайына 1 жолу баруу;

- Борбордук Азия мамлекеттеринин биринин арызы боюнча кармалган Кыргызстандын жаранын бошотууга көмөк көрсөтүү максатында Россия Федерациясынын прокуратурасына 1 жолу баруу;

- кайрылган Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктук абалын жөнгө салуу максатында Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык органына 1 жолу баруу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген Кыргыз Республикасынын жаранына карата алдамчылык фактылары боюнча микрокредиттик уюмга 1 жолу баруу.

          Ошондой эле Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринен алыс жайгашкан жана консулдук кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларына байланыштуу Элчилик тарабынан Самара жана Калининград шаарларында Кыргыз Республикасынын жарандарына үзгүлтүксүз көчмө консулдук кызматтар уюштурулган. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө 150гө жакын консулдук иш-чаралар өткөрүлдү.

           Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында иш берүүчүлөр тарабынан кармалып калган жана төлөнбөгөн эмгек акыны Кыргыз Республикасынын жарандарына кайтарып берүүгө жалпы суммасы 271 000 рубль жардам көрсөтүлгөн.

          Элчилик ошондой эле Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам иретинде жардам көрсөттү. Өз кезегинде мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Отчеттук мезгилде консулдук иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Элчиликтин консулу А.Букалаев тарабынан төмөнкү жолугушуулар өткөрүлдү:

  • 2022-жылдын 4-мартында «Сахарово» Көп функциялуу миграциялык борборунун жетекчилиги  менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө ЕАЭБ жарандарына Россия Федерациясынын аймагында жүрүү үчүн милдеттүү жол-жоболордон өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында миграциялык борборлорду түзүү маселеси талкууланды (КР ТИМ ККДнын директору А.Имангазиевдин иш-сапарынын алкагында);
  • 2022-жылдын 9-мартында МБОО «Ночлежка» Москва филиалынын директору Д.Байбакова менен туруктуу жашаган жери жок адамдарга социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жолугушуу;
  • 2022-жылдын 23-мартында Россия Федерациясынын Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча Федералдык кызматынын жетекчилиги менен Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча жолугушуу;
  • 2022-жылдын 25-мартында Россия Федерациясынын Федералдык Милдеттүү камсыздандыруу фондунун Төрагасы Е.Е.Чернякова менен Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча жолугушуу;
  • 2022-жылдын 30-мартында Россиянын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү менен видеоконференция байланышы аркылуу миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулоо.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылып, биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери айтылды.

Россия Федерациясынын аймагында турмуштук оор кырдаалда турган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүүнүн алкагында, МБОО «Ночлежка» менен биргеликте Элчилик тарабынан КР үй-жайы жок жарандарына өздүк документтерин калыбына келтирүүгө жана мекенине кайтып келүүгө көмөк көрсөтүү иштери башталды.

Оозеки кайрылууларды кароо боюнча Элчиликтин иш-чараларынын алкагында дипломатиялык өкүлчүлүктүн интернет-кабылдамасына келип түшкөн 211 жарандардын кайрылууларына жана ишеним телефондору аркылуу 2500гө жакын жаранга жана «өзүн өзү тейлөө менюсу» чат – бот платформасы аркылуу 682 жаранга тиешелүү жооптор жана консультациялар берилди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 10 миңге жакын консулдук иш-чаралар жүргүзүлдү:

 

Кызматтардын/иш-аракеттердин аталышы

Саны

Жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө

1 882

ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо

 

735

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө

277

Жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү

991

ID-паспортторду берүү

470

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү

290

Мекенге кайтууга күбөлүк берүү

1 297

Консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу

1 794

ПИН дайындоо / оңдоо

1 022

Документтерди суратып алуу

850

Жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү

263

КРнын жарандыгына таандыктыгын орнотуу

36

Нотариалдык иш-аракеттер

77

Жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү

 

7

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK