Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын биринчи катчысы Б.Асаналиев жана Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу В.Трофимов Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга (ЦВСИГ) барды

1462

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында 2021-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын биринчи катчысы Б.Асаналиев жана Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу В.Трофимов Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга (ЦВСИГ) барды, ал жерде Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Сахалин облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын чечимине ылайык, ошондой эле соттун тиешелүү чечимдери менен Кыргыз Республикасынын жарандары депортациялоону күтүп жатышат.

Борборго болгон сапардын жүрүшүндө жетекчи А.Б.Богачев менен жолугушуу болуп, ал КР жарандарын камакта кармоонун шарттары менен тааныштырып, бардык консулдук жана укуктук маселелер боюнча маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу В.Трофимов мекендештерге керектүү азык-түлүктөрдү тапшырды.

Бүгүнкү күндө ЦВСИГде Кыргыз Республикасынын 8 жараны депортациясын күтүп жатат, алардын ичинен 3 жаран мекеменин жетекчилигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын апрель айынын аягына чейин мекенине жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK