Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалыматтык билдирүүсү

2251

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган Казакстан Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен 2022-жылдын 11-апрелинен тартып чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасы боюнча өтүүчү кургактыктан өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө уруксат берилгенин билдирет.

Бирок Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына коронавирус инфекциясына карата эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Россия Федерациясына кургактыктагы өткөрүү пункттары аркылуу кирүүгө тыюу салуу чечими күчүндө калгандыгын белгилейбиз. Россия Федерациясынан аталган пункттар аркылуу автоунаа менен чыгууга гана уруксат берилет.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жогоруда аталган Россия Федерациясынан автоунаа аркылуу чыгууга гана уруксат боюнча маалыматты эске алууну өтүнөт.

Учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын аймагына аба аркылуу кирүүгө гана уруксат берилген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK