Социалдык тармактарда жарандар тарабынан мурда Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын адамдардын тизмесинде турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын кирүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүлөр тараганына байланыштуу, Элчилик төмөнкүдөй тактайт.

5948

Россия Федерациясынын аймагына кирүүсү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык мунапысты” колдонуу маселеси россиялык тарап менен мамлекеттер аралык кызматташуунун бардык деңгээлдеринде талкууланды.

Кыргыз тарап кыргыз-россиялык союздаштык мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлине жетишилгенин белгилеп, жакынкы аралыкта бул маселе боюнча расмий чечим кабыл алууну күтүүдө.

Ушуга байланыштуу Элчилик Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын расмий билдирүүсүн күтүүнү жана россиялык тараптын Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык мунапыс” колдонуусу тууралуу видеотасмаларды/билдирүүлөрдү таратпоону өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK